Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов 29-октябрдагы маалымат жыйынында Караколдогу баш аламандыкты уюштурду деп кармалгандарды бошотууну суранып, президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана башкы прокурорго кайрылуу жасады. Анын айтымында Ысык-Көл облусунун 14 тургуну күнөөсүз убактылуу кармалуучу жайда отурушат.
"Алар бийликти басып алуу сыяктуу жеке кызыкчылыкты көздөшкөн эмес. Алар "биз эки тарап 50 пайыздан болгон "Кумтөр" боюнча меморандумга каршыбыз" дешти. Жогорку Кеңештин 82 депутаты аталган меморандумду жокко чыгарды. Бул жерде патриоттордун күнөөсү барбы? Бул кылмыш иши эмес, мамлекеттик өзгөрүү менен байланышкан иш",- деди ал. Мындан сырткары өкмөттүн "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди коррупциялык жол менен бошотушун мамлекеттин намысына доо кетирүү деп кошумчалады.