Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШдагы Жон Хопкинс университетинин ардактуу доктору наамын алып жатып ыңгайсыз абалга туш болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ангела Меркелге бул даража анын АКШга болгон расмий сапарында берилип, ал Вашингтондогу эл аралык изилдөө мектебинде болгон.
Анда окуу жайдын башчысы диплом менен мантияны өз колу менен тапшырган. Ошол убакта канцлер бүтүрүүчүнүн лентасын моюнга тага албай көпкө убара болгон. Аягында канцлер аны жөн гана моюнга илип койгон.