Биз социалдык тармакта

Ошто Акылбек Жапаров менен экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун чогуу жүргөн сүрөтү жарыяланды

Кечээ, 18-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Ош шаарында жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Акылбек Жапаровду курулуп жаткан бир катар объектилер, анын ичинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Ал арада социалдык тармакта Акылбек Жапаров, Таалайбек Сарыбашов жана издөөгө алынган мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун сүрөтү жарыяланды.

2016-жылы Биринчи Май райондук соту Сулаймановду жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Белгилей кетсек, 2014-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга караганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов Транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2021-07-19 11:23:41
Ана акыйкат сага, кармап келгенге Ош алыс да.
+11
rysik79
2021-07-19 11:31:08
Сен кайдасың бул күндө,ташиев кайдаа?
+5
Dembele84
2021-07-19 11:35:00
Акылбек менен чогуу жургон болсо,бул кишини издеген адам жок экен да.Дагы бир должностто отурбаса булар менен чогуу журмок эмес.Эл билбейт,укпайт,корбойт,унуттуга салыптыр да азыркы эптемей бийлик!
+5
Sakubek
2021-07-19 11:47:50
Курсагынарды салбандатпай костюм кийбейсинерби
+4
nazira...
2021-07-19 14:55:20
Sakubek,жайладын го
+1
Datka7777
2021-07-19 13:22:51
Кичине маалыматты туура жазсанар, элди башын айлантпай! Ага козголгон кылмыш иши кыскартылып жабылгандан бери беш жыл отуп эки президент алмашты го олкодо. Эч кандай розыскта эмес азыр
-1
Mister-XXX
2021-07-19 20:02:22
Datka7777,41 миллионду жеген адам кантип акталып кетти?Балким анын күнөөсү жок дешиң мүмкүн.Бирок эл күнөөлүү экенин билет да.Канчалаган жолдор өтө начар сапатта курулду.Алардан канчалаган акчаны жеди,бир кудай билет.
-1
Datka7777
2021-07-19 21:03:58
Mister-XXX, билсенер камабайсынарбы? Куноосу жок дегидей мен Нурландын адвокаты эмесмин! Тергоо иштери кыскарып сот ишти жаап койсо мен при чем
0
nazira...
2021-07-19 15:05:33
Анда неге дагы аралашып жүрөт курулуштарга. 41млн дун башын жеп,качып кетип ал жакка чычып,эми дагы жегени келдиби.Же муну да актап жибердинерби адатыңарча.Эл бул Сулаймановду жакшы билет өлгөнчө акчаны шыпырып жолду асфальттап кетет,бир жыл айланбай ар кайсы жерлери тешилип жамап башташат.Акчаны ошо Жапаров менен бирге кылып жеп үйрөнүп калышкан да,дагы каерди ремонт кылып акча кылалы деп жүрүшөт го булар.Эптеп Асфальттап акча тапканды ушу Нурландан үйрөнүшкөн кийинкилер.Өнукпөйт го мынтсе
0
haydarkan
2021-07-19 16:48:16
Жакшылап карасанар фотошопко дейм
+1
Datka7777
2021-07-19 16:52:42
haydarkan,оригинал эле сурот! Нурлан Сулайманов розыскта эмес кадимки жарандардай эле эл арасында журот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан