Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири астрономиялык музейи ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң ири планетарийдин жалпы аянты 58 миң 600 чарчы метрге жакын. Музей Кытайдын (Шанхай) эксперименталдык эркин соода аймагынын Линганг атайын аймагында жайгашкан. Бул Шанхай илим жана технология музейинин филиалы болуп саналат.