Кыргыз Республикасынын мурдагы Акыйкатчысы Турсунбек Акун
29-октябрдагы маалымат жыйынында "МК Азия" гезитин сотко берерин
билдирди. "Мен "МК Азия" гезитиндеги "акыйкатчы болуп туруп Азиз Батукаевди бошотуу үнү 100 миң доллар алды" деген маалыматты
жокко чыгарам",- деди ал. Аталган гезиттин акыркы санына "мыйзамдагы
ууру" Азиз Батукаевдин бир тууганы Хава Хамидованын "Турсунбек Акунга
Батукаевди бошотуу үчүн 100 миң доллар бердик" деген маеги чыккан эле.
Акун өз сөзүндө Хава Хамидованы жана гезитти сотко берем деди.