Франциянын түштүк-чыгыш тарабындагы Тараскон аймагында 13 жаштагы бала жиликтенген абалда табылды. Мындай үрөй учурган маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, баланын жиликтенген дене мүчөлөрү шаардагы батирлердин биринен табылган. Полициянын маалыматына ылайык, өспүрүмдү 32 жаштагы психикалык жактан жабыркаган кошунасы өлтүрүп, башын кесип, андан соң жиликтеген.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектелип кармалган жаран буга чейин да зордук-зомбулук фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Полиция кызматкерлеринин айтымында, анын батиринен ар кандай диний ырым-жырымдарга байланыштуу буюмдар табылган. Ошондой эле анын психикалык жактан жабыркай тургандыгы белгилүү болгон.
Өспүрүмдүн жиликтенген денеси табылар замат полиция кызматкерлери кылмышкердин изине түшкөн. Аны кармоо операциясында ал качууга аракет кылганда, аны атып өлтүрүүгө туура келгендиги айтылат маалыматта.