Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус "Токио-2020" жайкы Олимпиадага барууну пландаштырууда. Бул тууралуу Япония өкмөтү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Гебрейесус коронавируска каршы чараларды Япониянын премьер-министри Есихидэ Суга менен талкуулоону көздөп жатат.
"Токио-2020" жайкы Олимпиадасы 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.