Өзбекстанда 60 жаштагы киши төртүнчү аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, үрөй учурган кылмыш медициналык мекемелердин биринде 10-июль күнү саат 09:00 чамасында болгон. Анда шектүү киши аялын бычактап өлтүргөн. Маркум аял дал ошол медициналык жайда дарыгер болуп иштечү. Ал кылмышкердин жарандык никедеги төртүнчү аялы жана алардын чогуу жашап жаткандыгына дээрлик 7 жыл болгон.
Каза болгон аялдын кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин бир канча ирет жолдошу спирттик ичимдигин көп ичерин жана күндө ызы-чуу чыгарып жатканын айтып, нааразы болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.