Индиянын жашоочусу бир жылда 300 күн уктап, дүкөнүн айына 5 күн эле иштетет

Индиянын Ражастан штатынын 42 жаштагы жашоочусу Пуркхарам бир жылдын 300 күнүн уктоо менен өткөрөт. Бул анын уйкуну жакшы көргөндүгүндө эмес, өнөкөт оорусунан улам экени чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, Пуркхарамга 23 жыл мурун гиперсомния деген диагноз коюлган. Бул нерв системасынын бузулушунан келип чыккан дарт. Анда бейтап канчалык аракет кылбасын көп убактысын уктоо менен өткөрүүгө мажбур.

Пуркхарам уктаганда аны ойготуу оор, алгач ал 5 күндөн 7 күнгө чейин катары менен уктаса, кийинчерээк 20-25 күн бою уктай баштаган. Бул оорусунан улам ал дүкөнүн айына 5 күн эле иштете алат. Ал уктап жатканда аялы жана апасы аны убактылуу ойготуп, жуунтуп, тамак берип турушат. Бирок ал кайрадан уктап калат.

Бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ар дайым дары-дармек колдонгонуна карабастан, бул илдеттен айыкпай келет. Бирок дагы деле оорудан толук айыгып кетеринен үмүтүн үзбөй келерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-07-19 20:48:45
Индияда оорунун түрү эле көп экен.
+5
Nursul
2021-07-19 21:22:04
Индия качантан бери штат статистусун алып калды эле?
0
elmira.
2021-07-19 23:37:14
Nursul,Индия штаты дебей эле,Индиянын Ражастан штаты деп туратго!эгер билбесен Индияда да штаттар бар.
-2
Adi010891
2021-07-20 01:11:50
elmira.,башында Индия Штаты деп жазылып турган болчу, ондошкон экен катасын
0
Nursul
2021-07-20 16:06:35
elmira., Ошону айтып атамго качантан бери штат статистусун алып калды эле деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан