Бүгүн, 20-июль - Кыргыз өлкөсүндө курман айт майрамы. Бишкектеги борбордук мечитке министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келип, мекендештерди курман айт майрамы менен куттуктады.
"Президент Садыр Жапаровдун атынан жана министрлер кабинетинин атынан бардык мекендештерди курман айт майрамы менен куттуктайм. Бардыгыңыздардын курмандыгыңыздар кабыл болсун", - деди Марипов.