Өлкө аймагында бир сутка ичинде 1291 адам коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта жазылгандай, илдет эң көп катталган аймактар Бишкек жана Чүй облусу болду. Анда:
Бишкек - 939
Ош шаары - 17
Чүй облусу – 129
Ош облусу – 21
Талас облусу - 18
Нарын облусу - 26
Ысык-Көл облусу – 52
Жалал-Абад облусу – 15
Баткен облусу - 74
Жалпы республика боюнча 151 миң 607 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.