Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-июль күнү саат 06:15 чамасында Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Бор-Дөбө жана Нура айылдарында 2 жарым баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.