Президенттин аппараты: Турсунбек Акундун божомолу акылга сыйбайт, жеке таарынычтарына негизделген

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү "Турсунбек Акундун бүгүн жарыя кылган “Азиз Батукаевди бошотуунун башында президент турушу мүмкүн” деген божомолу акылга сыйбайт, балким, жеке таарынычтарына негизделген" деп эсептейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 29-октябрда билдирүү жасашты. "Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевди, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМКсынын төрагасы болуп иштеп жаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевди да бул чатакка аралаштыруу боюнча анын бир канча жолку аракети ушул сыяктуу баага татыктуу. Кыргыз Республикасынын Президенти аталган ишти дыкаттык менен терең иликтөө зарылчылыгы тууралуу буга чейин билдирген. Бул маселе боюнча жыйынтыктарды укук коргоо органдары чыгарууга тийиш",- деп айтылат билдирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан