Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы президенттик сарайдын жанында айт намазы окулуп жаткан маалда бир нече ракета кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, намаз учурунда 3 жолу жарылуунун үнү угулган. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жок. Ошондой эле Ооганстандын президенти Ашраф Гани айт намазынан кийин сөз сүйлөгөнү айтылды.
Белгилей кетсек, Ооганстанда "Талибан" кыймылына каршы кагылышуу болуп жатат. "Талибан" кыймылы өлкөнүн көпчүлүк аймагын ээлеп алды.