Англия Премьер Лигасынын оюнчусу балдарга карата сексуалдык кылмышка шектелүүдө

Англия Премьер Лигасынын футболчусу балдарга карата сексуалдык кылмыш кылганга шектелүүдө. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда, Манчестердеги полиция кызматкерлери узап кеткен аптада оюнчунун үйүнө тинтүү жүргүзүп, бир катар каражаттарды тапкан. Футболчу күрөөгө коюу менен бошотулган. Азырынча анын аты-жөнү, кайсы клубда ойной турганы айтылбайт.

"Биз оюнчубузду тергөө иштери аяктаганга чейин командадан четтеттик деп тастыктай алабыз. Клуб бийликтин тергөө иштерине көмөк көрсөтүп, алдыда бул маселе боюнча эч кандай билдирүүлөрдү жасабайт", - деген клубдун өкүлү.

Англия чемпиондугу 13-августта башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан