Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 590 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 21-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 590 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 21-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 590 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 654 метр куб, агып чыгышы 424 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Кечээ, 20-июлда суу сактагычта 11 миллиард 570 миллион метр куб суу бар болчу.

Ал эми былтыр, 2020-жылы 21-июлда 13 миллиард 805 миллион метр куб суу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-07-21 13:06:03
2млрд куб дан ашык суу аз экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан