
Өлкө аймагында 24-июлдан 27-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.