Биз социалдык тармакта

Токтайым Үмөталиева жыйын учурунда министрге эмнеге массаж жасап бергенин түшүндүрдү

Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти каралды.

Жыйын учурунда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева юстиция министри Асел Чыныбаевага массаж жасап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган.

Бул окуяны Токтайым Үмөталиева төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди:

"Асел Чыныбаева жакын арада эле пневмония болуп анын кесепеттери менен дагы да болсо күрөшүп жатыптыр. Жыйын учурунда бет кап кийип отургандыктан анын деми кысылып, жөтөлө баштады. Мындан улам жардам берүү максатында ага массаж жасап берип бир аз да болсо өзүнө келүүсүнө көмөктөштүм", - деп билдирди Үмөталиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Бектурган
2021-07-21 16:56:13
Алжып калса деле кресло кучактап отурбай кеткиледа, ден-соолугу чың жаштарга бергиле орунду...
+13
nazira...
2021-07-21 16:58:31
Бектурган,туура айттың, балким ошондо өнүгүп кетээр кыргызстан.
+12
zamir_kgz
2021-07-21 17:22:31
Акыл эстүү токтоо ден соолугу чың жаштар келсин, аксакалдар ак батасын берип отурушсун төрдө!
+13
Nara5
2021-07-21 17:36:08
Жоок бизде андайды билишпейт мектептерде больницаларда канчалаган карылар журот.Айлык ещо пенция алышат. Жайларын жаштарга беришпей анан жаштар орустун ишин кылып журушот. Кызыл дипломдуу канча танышым журот места жок деп. Дагын буларды жумуштан алганга эчкимдин укугу жок экен тообо
+8
Sofiya05
2021-07-21 18:29:23
Nara5, Ноокат РайББда айлык, пенсия+ левый акчалар, коррупция болуп, ашмалтайы чыгып жатат,текшерген киши жок же текшерген кишиге пара берип оозун жабат...
Жаштар келсе орун жок, орун болсо акча сурайт, левый акчаларын билип калганда жаш кадырды иштен алат, бастыра койбой сүйлөп жүрүп тажатат....
+1
kana9151
2021-07-22 14:57:21
Sofiya05,жөн эле жаза бергенди токтотсоңор. Ошол канча айлык аласын деп сурасаңар. Жаштар ал айлыка иштешпейт азыр. Кайсыл мекемеге барсаң ваканция толтура, иштегени кадр жок. Мага келгилечи баарыңа иш таап берет элем. Айлык 5 миң сом бирок
-1
Kona8631
2021-07-22 06:39:45
Бул бийлик деле Кокуй кун го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан