Орусия: Кармалган мигранттардын арасында 2 кыргызстандык бар
Орусиянын “Садовод” базарынан 28-октябрда кармалган мигранттардын арасында 2 кыргызстандык бар. Муну Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен Айымкан Кулукеева
билдирди. Кармалгандар 1000дей адам, алар Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары. Элчиликтин кызматкерлери мигранттар кармалган милиция бөлүмдөрүн текшерүүнү улантууда.