Бүгүн, 22-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 612 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 22-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 612 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 644 метр куб, агып чыгышы 388 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 21-июлда суу сактагычта 11 миллиард 590 миллион метр куб суу бар болчу.
Ал эми былтыр, 2020-жылы 22-июлда 13 миллиард 822 миллион метр куб суу болгон.