УКМК: Сарууда кармалган УКМКнын кызматкерлеринин унаасынан курал, таш, бензин куюлган бөтөлкө табылды деген маалымат жалган

Сарууда кармалган УКМКнын кызматкерлеринин унаасынан курал, таш, бензин куюлган бөтөлкө табылды деген маалымат жалган. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Сарууда сабалган УКМКнын 3 кызматкеринин унаасынан аталган каражаттар чыкканын буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Учкун Сакилов билдирген болчу. УКМК аталган кызматкерлердин автоунаасы текшерилгенин, бирок эч кандай курал-жарак табылбаганын билдирет. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан