Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын тургундары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Пиридин Умаров SUPER.KG сайтына билдирди.
"Биринчи Баткен облусунун губернаторуна жолугалы деп келсек, ал жок экен. Бирок жолго чыгып, Улукбек Марипов менен жолуктук. Андан чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрүбүздүн курулушун эртерээк баштап, үй салып берүүсүн сурандык, башка эч нерсе сураган жокпуз. Улукбек Марипов 1-сентябрга чейин бүтүрүп беребиз деди", - деп билдирди тургун.
Эске салсак, буга чейин Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан облус боюнча 78 турак үй кыйраганы маалымдалган.