Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.
Учурда турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.