Айрым массалык маалымат каражаттары Токмок аймактык шайлоо комиссиясы "Эл биримдиги" партиясынын каттоосун жокко чыгарды деп жазышууда.
SUPER.KG порталы Токмок аймактык шайлоо комиссиясына байланышканыбызда, маалыматтын чын-төгүнүн айтышкан жок. Териштирүү жүрүп жаткандыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, Токмок шаардык кеңешине ат салышкан 6 партиянын ичинен 7 пайыздык ченемден 5 партия өткөн. Алар:
"Бирге-Вместе" - 28,27 пайыз;
"Эмгек" - 24,82 пайыз;
"Асыл мурас-жаштар" - 16,66 пайыз;
"Патриот ынтымагы" - 13,69 пайыз;
"Эл биримдиги" - 12,13 пайыз.