Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан 29 жаштагы Казак жаранын издөө иштери убактылуу токтотулду

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан 29 жаштагы Казак жаранын издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"21-июлга чейин куткаруучулар тарабынан дайынсыз болгон жаранды издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Суунун деңгээли көтөрүлүп, куткаруучуларга кооптуулук жараткандыгына байланыштуу 21-июлдан тартып издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду. Буга чейин жүргүзүлгөн иштер үчүн изделип жаткан жарандын ата-энеси тарабынан куткаруучуларга ыраазычылык кат берилди", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

29 жаштагы К.В. аттуу Казак жараны 15-июлдан бери дайынсыз болууда. Ошол күнү кечки саат 20:30 чамасында Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 51 жаштагы Орус жараны кайрылган. Ал 1992-жылы туулган кызы эс алуу учурунда дайынсыз болуп кеткенин кабарлаган.

Жерине ыкчам тергөө тобу барганда Орус жараны 14-июлда жубайы, эки кызы жана бир уулу менен эс алууга келгени маалым болгон. Ошондой эле дайынсыз болгон кызы Казак жараны экени аныкталган. 15-июлда саат 18:00 чамасында 29 жаштагы кыз сүрөт тартуу үчүн атасынын телефонун сураганы, бул учурда ата-энеси отун терип келүүгө кеткени белгилүү болгон. Кыз көпүрөнүн аркы тарабында калган. Отун чогултуп келгенден кийин ата-эне кызын таппай калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-07-22 20:13:57
Табылып калса экен, бир жакшына кыз экен
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан