Биз социалдык тармакта

60 күнгө чейин жүрө алышат. Президент 9 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизди

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө - Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика кошулду.

Мындан тышкары мыйзам улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында министрлер кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Asmat84
2021-07-22 19:31:22
Кыргызстан наш общий дом болуп баратат го
-4
Nur777
2021-07-22 19:32:47
Зачеем?! Вьетнамдан кытай сымалдар Румыниядан цыгандар каптайт экен да эми....
+7
rysik79
2021-07-22 19:43:31
Кудайдан качкандар го жалаң
+6
bond02
2021-07-22 19:59:28
Башка айла канча анан, бул кетиште чек аралар жабылбай эле ачылат го.
+4
surgeon777
2021-07-22 20:58:33
Вьетнамын кытай эле да почти.
+5
Jaraisyn
2021-07-22 23:04:05
Айланайындар ойлонбой сүйлөгөн оорубай өлөт деген кеп бар беле. Сөз болсо болду экен да ээ. Туризмди өнүктүрүү жөнүндө сөз болуп атат
+3
Marni
2021-07-22 23:46:00
Jaraisyn, ошону айтсаңыз. Караңгыларга сөз жок.
+2
surgeon777
2021-07-23 00:11:07
Jaraisyn,Туризм онуксун,пожалуйста,бирок тиги саранчаларга жол ачпай эле коюшсун,айтып атам го вьетнамдар кытайдан да начар калк,эли жарды жашаган,анан ошолор турист болуп келмек беле? Онуккон олколорго берсин визаны андан коро,ошолор келсин,бюджетке акча тушсун деп атам,карангылык эмес,наоборот лучше понимаю что к чему если что!
+1
Azat-123
2021-07-22 23:17:51
Израильдин такыр кереги жок болчу, куу Еврейлер
+2
Бектурган
2021-07-23 00:16:16
Бүт, экономикасы жарды, Крга финансылык жактан пайдасы жок өлкөлөр...
+2
surgeon777
2021-07-23 00:39:26
Бектурган,ошо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан