3-августтан 8-августка чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу ММА боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруу комитети билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Дүйнө чемпиондугу ММА эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай боюнча өткөрүлөт. Мелдешке 10дон ашуун өлкөдөн эң күчтүү жана наамы көп спортчулар катышат. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугунда спорт таланттары, спорттук карьерасын жаңы баштап жаткан өспүрүм балдар дагы күч сынашат.
Турнирге ар кандай категориядагы миңден ашуун мушкер катышат.
Дүйнө чемпиондугунун урааны "Биримдик 2021" деп аталат.