
Ош ШИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы Ош шаарындагы дүкөндөрдүн биринин алдында өтө мас абалында турган 16 жаштагы кызды кармап, жакындарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызды кызматкерлер жакындары келгенге чейин алкоголдук ичимдикке уулануудан сакташып, суу ичирип турушкан.
"Кыздын айтуусуна караганда Ноокат районунан Ош шаарына убактылуу келип, тааныштары менен ичимдик ичкен соӊ алар кызды жалгыз таштап кетишкен. Кыздын берген маалыматы текшерилүүдө. Кыздын кайсы дүкөндөн алкоголдук ичимдиктерди алгандыгы тууралуу маалымат алынып, текшерилип жатат. Эгер аныктала турган болсо, ал дүкөнгө тиешелүү чаралар көрүлөт. Алдыда кыздын тагдыры милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, учётко алынып, баскан турганы көзөмөлдөнөт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.