Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда бүгүн, 30-октябрда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкекте саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аэропорт, Шота Руставели, Леванев, Айни, Псков, Велюй көчөлөрүндө жана Абай көчөсүндөгү №81 көп кабаттуу үйдө Арча-Бешик жаңы конушундагы трансформатордон тараган электр линияларын оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жарык өчүрүлөт. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Воронцовка, Кашка-Суу, Малиновка, Пригородный айылдарында, Панфилов районундагы Кайыңды, Биринчи Май айылдары жана Сокулук районунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин “Май”, “Кашка-Суу”, “Кайыңды”, “УОС”, “Александровка” станцияларынан тараган электр линияларындагы оңдоо иштеринен улам жарык өчөт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан