Биз социалдык тармакта

Баткен: Чек арада кайрадан ок атылды

Бүгүн, 24-июлда тажик жарандары Баткендеги Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин,ишембилик жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу пикир келишпестик жаралып, ок атуу орун алды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

"Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган Баткен районунун акими жана облустук тиешелүү күч органдарынын жетекчилери жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш алып барууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Облустук администрациянын билдиришинче, Тажик жарандары Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин,ишембилик жүргүзүшкөн. Кыргыз жарандары тарабынан такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикир айтылып, Тажик жарандарынын арасынан таш ыргытуу болгон. Андан соң эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган. Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок.

Учурда эки тараптуу ок атышуу токтогон. Абал туруктуу, эки тараптын чек ара кызматтары, тиешелүү күч кызматкерлери жана Баткен районунун акими чек аралаш аймакта абалды жөнгө салуу жана болтурбоо боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
-FREEDOM-
2021-07-24 13:27:31
Журогум кадимкидей ооруй турган боллуго
+11
Dembele84
2021-07-24 13:28:39
Абал туруктуу,баары жакшы деп журуп бир куну дагы атышуу болот.
+14
Umar7
2021-07-24 13:33:55
Лигитимсиз бийлик келип, Кыргызстанды эч бир мамлекет тоготпой калды, керек болсо Тажиктер да тоготпойт, азыркы бийлик лигитимсиз болгону үчүн, сырттан да колдоо жок, Кыргызстан менен эч ким мамиле кылбайт.
Эсиң барда Мыйзам талаасына кайткыла бийлик өкүлдөрү, болбосо ушу кетиште Кыргызстанды жок кыласыңар
+11
kkkk3259780
2021-07-24 13:49:51
Umar7, Озун колго албасан болбойт окшойт.
+4
nur...nur.
2021-07-24 16:38:47
Umar7,Буга чейинкилер жеп журуп ушул акыбалга келген кичине ойлонуп жазсан буга чейин тоготуп жургонсуп.
+2
Zumrudianka
2021-07-24 20:33:43
Umar7,жебейсинби кок мээ. Легитимдуу эле отурат бийлик. Только чимкириктердин срогу буткон. 5 президенттин чычып кеткендери катып калган аны сразу тазалаш кыйын. Сен легитимдуу деп эсептеген мурунку бийлик тушунда тим эле баары колдоп и границалар горголуп,элдин унун угуп жабыркагандарга уй курулуп жургонсуп жазыпсынго
-3
RNA78
2021-07-24 13:46:18
Такталбаган аймак Кыргызстандын эле жери болсо керек, тынчылык эле болсунчу.
+13
Alinur96kg
2021-07-24 16:00:58
Ит тажиктер дароо эле ок чыгарат,биздикилер кайра эле кыргыздарга тушундуруу иштерин жургузот.Эмнени тушундурот,кантип тушундурот?Жанжал чыкса эле тушундуруу иштерин жургузуп жатат дешет.Ал тажик акмактар тушунбойт уже.Билип алышты унчукпайт,колдорунан эч нерсе келбейт деп.Бийлик адамдары,депутаттар кичине котунорду которуп бир иш алып барсанар болбойбу?Чек арада эки кундун биринде ызы чуу,силер каяктагы шайлоо дагы болбогон нерсе менен алексинер.
+11
Rifle_I
2021-07-24 19:02:23
Камераны койгону жанды кашайтып жатат.
+2
Nursul
2021-07-24 21:12:05
Тынччылык эле болсунчу. Тажиктер Орусияга иштеп алып аябай кутурду да. Ызычууну согушка айландырып албай чек араны тактап алсак Орусия бизди Россияга киргизбесе да мейли деп тажиктер менен мамиле кылбаш керек.
+2
akmanai
2021-07-24 22:30:20
Тойгоздунар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан