Биз социалдык тармакта

"Элчиликтин кызматкерлерин сөгүп...". Консулдуктун кызматкери менен жарандын ортосундагы чырга байланыштуу иликтөө жүрүп жатат

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкери менен Орус жаранынын ортосунда чыр чыгып, окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Ошол эл учурда консулдуктун кызматкери жарандын үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 24-июлда Кыргыз жаранына консулдук кызматтарды көрсөтүү учурунда аны коштоп жүргөн адам консулдуктун кызматкерлери менен атайылап чагым кылуу аракетин жасап, кырдаалды курчуткан. Ага бир нече ирет кабинкадан чыгып кетүү эскертилген. Бирок коштоп келген жаран элчиликтин кызматкерлерин мазактап, жаман сөздөр менен сөгүп баштаган. Натыйжада консулдук бөлүмдүн имаратынан күч менен чыгарууга туура келген. Андан ары укук коргоочуларга өткөрүлүп берилген.
"Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда электрондук базада анын кыргыз паспорту дагы бар экендиги аныкталды. Консулдук кабыл алууну жүргүзгөн элчиликтин кызматкери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жана Орусиянын укук коргоо органдарына аталган жаранга карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылды. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан мыйзам бузуу фактылары тастыкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aslonur
2021-07-26 08:42:54
Кайдагы жомокту айтышат, силер айткан созунордой иштесенер ракмат айтып чыгышат эле, бирөө кабинетинерге кирсе асмандагы ай болуп аласынарго
+7
Samash-87
2021-07-26 09:01:56
Негиз ошол Россиядагы элчиликти жоюп эле салыш керек,жон эле мамлекет акча короткой пайдасы деле жок алардын.Жамандык-жакшылыкта мигранттар бири-бирине жардам берип эле тиргиликгин кылып журушот.
+7
Nina.alex
2021-07-26 09:03:28
Себепсиз эч ким чыр чыгарбайт
+5
Altyn10076
2021-07-26 09:36:03
Ушу элчилер аман эле болушсун.Адамга жакшылыгы жок барсаң ороңдоп асмандан түшө калышкансып.Карапайым эл алар үчүн киши эмес .Чындап келсе кароолчусу да укмуш ары тургула бери тургула деп чочоңдойт. Москванын элчилиги ушундай кыйын.
+6
Katrina.
2021-07-26 11:38:30
Ишин тушпосун бул коррупционерлерге.
+3
Katrina.
2021-07-26 11:42:35
Мигранттардын проблемасын тушунгон адамдарды койсонор болобу элчилике? Супер инфо чиновниктерден жооп алып берсенер жакшы болмок.Россияны баардык шаарларында элчиликтери бири бирине окшош высокомерные.
+1
Birimdik5555
2021-07-26 16:55:29
Эмнеге биздин элчилике барсан орусча суйлошот, кыргызча суроо берсен да орусча жооп беришет, биздин ишканада кыргызча суйлосок штраф алабыз же элчиликте да штрафбы кыргызча суйлогондорго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан