Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн айрым мүчөлөрү расмий түрдө ант беришти. Алар:
1. Кыргызстандын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов
2. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев
3. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев
4. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев.
Төрага Асылбек Жээнбеков ант берген өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, иштерине ийгилик каалады.