Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын кесепетинен 1 кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 32-чакырымында (Чырпыкты айылы) Тойота-Раф4 жана Тойота-Ярис үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
"Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматынын унаасына салып беришкен. Ал эми каза болгон кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.