Исмаил Исаков Саруу айылына УКМКнын кызматкерлеринин барышын сындады

Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Саруу айылына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин барышын сынга алды. Депутаттын айтымында, ал жердеги коопсуздукту камсыз кылуу Ички иштер министрлигинин милдети. "УКМКнын балдары ал жерге эмне үчүн барды? Ал эми окуя боюнча Башкы прокуратуранын иш козгогону айтылып жатат. Эмне үчүн Башкы прокуратура иш козгойт? Ал жердеги райондук, облустук прокуратура эмне иш кылып жатат?"- деди Исаков.

Депутат Жети-Өгүздөгү кырдаал боюнча маселени тез арада парламентте кароо керектигин баса белгиледи.  

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан