Депутат Бөдөш Мамырова парламенттин 30-октябрдагы жыйынында Саруу айылындагы абалга бийлик көңүл бурбаса болбой турганын айтты. Депутаттын айтымында, райондогу жергиликтүү тургундарды бири-бирине кайраштыргандар чыгууда. "Митингге чыгып, катуураак кыйкырган активдүү балдарга башка айылдагы балдарды каршы жөнөткөндөр чыгууда. Элди өйүз-өйүзгө бөлүү процесси башталып келе жатат",- деди Мамырова.
Депутат Башкы прокуратуранын аракетин сындады. "Буга кылмыш иши козголду, тигиге кылмыш иши козголду деп интернетке маалымат таратууда. Эртең ал иштер такталбай калса эмне болот?" - деген депутат бул маселени да караш керектигин билдирди.