Төрага депутаттарга: "Сурооңорго кааласам жооп берем, кааласам жооп бербейм"

Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында депутаттар күн тартибине киргизчү бир катар маанилүү маселелерди айтышты. Депутат Равшан Жээнбеков Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы кырдаалды тез арада караш керектигин билдирди. Сунуштардан кийин төрага Асылбек Жээнбеков ар бир айтылган маселе боюнча өз пикирин билдирип жаткан. Бул учурда депутат Равшан Жээнбеков ортодогу микрофонго чыкты эле, төрага андан ордуна отуруусун өтүндү. Равшан Жээнбеков "менин суроомо жооп берип коюңуз" деди.  

Буга төрага "отуруңуз, кааласам жооп берем, кааласам жооп бербейм" деп жооп берди. 

Равшан Жээнбековдун сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты. Саруудагы кырдаал боюнча маселе бүгүн түштөн кийин каралышы мүмкүн. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан