Биз социалдык тармакта

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги: "Өлкөдө шекердин баасы 7 айда 8 сомго кымбаттады"

Өлкөдө кумшекердин баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 19 сом 1 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мониторингинде айтылат.

Кумшекердин баасы 2021-жылдын 6-январында 53 сом 6 тыйын болсо, 21-июлда 62 сомду түздү. 7 ай ичинде кумшекер 8 сом 4 тыйынга кымбаттаган.

Ал эми 2020-жылдын июль айында анын баасы 42 сом 9 тыйынды түзгөн. Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу кумшекердин баасы 19 сом 1 тыйынга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан