
Эки күндүк дем алыш күндөрү кайгуул кызматкерлери тарабынан 40 мас айдоочу аныкталып, 700 миң сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
2 күн ичинде 1639 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
-Мас абалында унаа башкаруу - 40 айдоочу (700 000 сом айып салынды);
-Уаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 15;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 25;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 1559.
105 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.