Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү тоолуу өлкө болгондуктан жол кырсыгы көп катталып жатканы айтылды

Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин ардагерлери жол кыймылындагы көйгөйлөр тууралуу айдоочуларга кайрылуу кылып, маалымат жыйын берүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулгелди Качкынбаев Кыргыз өлкөсү тоолуу өлкө болгондуктан жол кырсыктары көп болорун, бирок ошондой болгондо дагы орточо эсеп менен бир жылда 700гө чукул адам каза болушу бул өтө чоң жоготуу экенине токтолду.

Ал эми ардагерлердин мүчөсү Зарлык Алымов жол кырсыктардын баарына ылдамдыктын жогору болгону себеп болуп жатканын айтты.

"Көп учурда айдоочулар өз ишин так аткарбай, жолдо сүйлөшүп, башка иштер менен алек болгондугу үчүн жана ылдамдыкты көбөйтүп айдагандыгы үчүн ушундай кырсыктар болууда", - деди Алымов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-07-27 11:46:06
Тоолуу болгону менен түз эле жерде болуп жатпайбы авто кырсыктар?! Бул не деген сөз болду?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан