Биз социалдык тармакта

Мэрия жол тыгынынан кутулуу үчүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курат

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын берип жатат.

Мэрдин айтымында, алар борбор калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Алар жарандар үчүн акысыз болот. Бул нерсе жол тыгындарынан кутулууга жардам берет.

Биринчи унаа токтотуучу жай жакында Лев Толстой көчөсүндө пайда болору белгилүү болду. Мэрия Патрис Лумумба атындагы көчөсүндө (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Псков жана Сухомлинов көчөлөрүндө дагы үч унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-07-27 16:57:28
Ой боой башын айланат го, мейли эми жакшы тилек жарым ырыс.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан