Кечээ, 29-октябрда Аксы районунун Кербен шаарында «Тынчтык-2013» жаштар фестивалы болуп өттү. Аталган иш-чара Аксы райондук жаштар борбору тарабынан демилгеленип, фестивалга Кербен шаарынан 1500гө жакын жаштар катышты. Мындан сырткары иш-чарага КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинен өкүлдөр, Аксы райондук билим берүү бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү катышты. Фестивалдын максаты дүйнө элдеринин маданияты менен таанышуу, мектеп рэкетчилигин жоюу, коомдогу чыр-чатактардын алдын алуу жана жаштарды активдештирүү болуп саналат. Фестивалда дүйнө элдеринин маданияты чагылдырылып, ар улуттун улуттук тамак-аштары көргөзмөгө коюлду. Соңунда концерттик программа уюштурулду.