Биз социалдык тармакта

Ош шаарында эттин баасы 30-июлдан тарта арзандайт

Ош шаарында 30-июлдан тарта 1 килограмм эт 480 сомго чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 27-июлда эттин баалары боюнча мэриянын жумушчу жыйыны өттү. Анда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин аймактагы өкүлү, фитосанитардык жана ветеринардык мамлекеттик инспекциянын жетекчиси, салык кызматынын жетекчилиги жана эт, мал сатуучулар катышты.
"Сиздерди чогулуп эттин баасынын абалын талкуулоого жана шаардагы бирдиктүү бааны бекитүүгө чакырдык. Акыркы 3 айда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар ​​аркылуу мэрияга эттин баасын жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышууда", - деди Замир Юсупов.
Иш-чаранын жүрүшүндө монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин өкүлү шаарда эттин баасы негизсиз кымбат экендигин айтты. Тагыраагы, агенттик тарабынан бир мал союлуп, анын жүрүшүндө эттин чыныгы баасы аныкталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эттин баасын 480 сомго чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-07-28 09:51:04
Озу 480сом болуп жатса,кайра 480сомго тушуросунорбу?Хотя бы 450с го тушурсонор кичине эл дагы ыраазы болот.Кыйраткансып 480сомго тушурдук деп реклама кылбай!
+8
Federik
2021-07-28 09:52:25
Аябай эле томондотот экенсинер 480 болсо,эт жеп эле жатып калат экенбизда.
+7
IOA
2021-07-28 10:56:20
Кыйратпайсынар,лапшаны илгиле Элдин кулагына эт и так 480 сом
+3
Mirbek7506
2021-07-28 15:56:05
Өзү эттин баасы 460 470 болуп жатса силер 480 кылып жакшы тушурупсунор
+1
Liliia
2021-07-28 16:20:18
Жалал Абадта койдун эти 530сом, уйдун эти 500сом болуп атат
0
patiydin
2021-07-28 17:36:14
Кечиресинер. Мен бугун Ошто, тагырагы кенеште 510 сомдон алдым.
0
JYRT
2021-07-28 21:07:36
Базарда мал арзан анан силер 480сом дегениңер кандай тушургуло мурунку баасына мал 30мин 40мин эле азыр мал арзан эт кымбат эмне үчүн суроо да түшүнүксүз мага
+1
Alixan-Nookat.2015
2021-07-28 23:58:39
Оштон 510 сомдон, Ноокаттан 450 сомдон алдым Ош менен Ноокат 60 сом айырма бар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан