2013-жылдын жай айында кыргыз-казак чек арасын кесип өткөндүгү үчүн Казакстандын чек арачылары тарабынан 18 кыргыз малчысы кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда "Замандаш” ассоциациясынын Алматы шаарындагы өкүлү Туратбек Аманбаев билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, малчылар казак чек арасын мал издөөнүн артында кесип өтүшкөн. Буга чейин кармалган мекендештерибиздин 8и бошотулуп, коё берилген. Калган 10 жаран учурда Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында камакта. 25-октябрда КРнын Алматыдагы генералдык консулдугунун кызматкерлери Турдубаев Айбек менен Кадыров Бакыт камактагы жердештерибизге Алматы шаарында жашап-иштеп жаткан кыргыздар тарабынан чогултулган жылуу кийимдер жана азык-түлүктөрдү жеткирип, ал-абалдарын сурап келишкен.
Бирок камактагылардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Андыктан «Замандаш» ассоциациясы КРнын Акыйкатчысына камактагыларды бошотуу боюнча көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылуу алдында.