Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттарга мандаттары качан берилет? Аймактык шайлоо комиссиясы жооп берди

Бишкек шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттарга мандаттары 30-июль, жума күнү же 2-август, дүйшөмбү күнү берилет. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамовго байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына берилчү атайын күбөлүктөрү даяр.

Буга чейин БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныган.

Шайлоодо 18 партия ат салышты.

"Эмгек" - 11 мандат;

"Ата-Журт Кыргызстан" - 9 мандат;

"Ишеним" - 8 мандат;

"Ынтымак" - 7 мандат;

"Өнүгүү-Прогресс" - 5 мандат;

"Социал-демократ" - 5 мандат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан