Биз социалдык тармакта

Аксыда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлдү? Айыл өкмөттүн жообу

Ак-Жол айыл өкмөтүндө селден жабыркаган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилгендиги тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Төлөн Султанмуратовго байланышып төмөндөгүдөй маалымат алдык.

"Ак-Жол айыл өкмөтүндө селден жабыркап, 7 жакынын жоготкон үй-бүлөгө президент тарабынан 1 миллион сом, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан 300 миң сом берилсе, уулун жоготкон үйгө өлкө башчысы 100 миң сом, министрлер кабинетинин төрагасы 50 миң сом берди. Ошондой эле жеке тараптардан дагы дал ушул үй-бүлөлөргө жардамдар көрсөтүлүүдө.

Айыл ичиндеги 4 көпүрөнү суу алып кетип, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан даярдалууда, жакында алып келсе бүтөрөбүз. Элдин 18 уй, 13 торпогун сел алып кеткен, аларды эч ким төлөп берген жок, айла жоктон кырсыкты баары эле түшүнүү менен кабыл алды", - дейт Султанмуратов.

Эске салсак, 12-июлда Аксы районундагы Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында катуу сел жүрүп жалпы 8 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
molorbaev
2021-07-29 09:43:17
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөн Султанмуратов эмес, Төлөгөн Султамуратов.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан