Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу максатында республиканын аймагында жол кыймылынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Акыркы аптада республикада 14 миң 676 айдоочу жол эрежесин бузган.
Айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2375;
Документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 364;
Жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн - 584;
Айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 78;
Мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн - 254;
Унаа токтотуучу жайга коюлду – 693.