Биз социалдык тармакта

Чүй облусунун дыйкандары суу тартыштыгынан улам кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 29-июлда Сокулук районунун дыйкандары сугат суунун жетиштигинен улам кайрадан митингге чыгышты.

Митингге болжол менен 200дөй адам чыгып, алар "Манас" аэропортуна жакын Ак-Жол айылына жакын жерге чогулушкан. Алар сугат суунун тартыштыгы жаралып жатканын айтып, нааразы болушууда.

14-июнда сугат суунун тартыштыгынан улам Чүй облусунун дыйкандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-07-29 12:05:27
Молодцы,бийлик жон эле оздорун пиар кылыштын ордуна элдин койгойун чечсин.Асман шаарын куруп бок барбы,бул жакта элдер суусу жок отурса!
0
Sakubek
2021-07-29 12:58:36
Откондо Кун ысыбай,карлар эрибей калып суу жок дедиле. Эми не шылтоо ойлоп табышат экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан