Бүгүн, 29-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 712 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 29-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 712 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 605 метр куб, агып чыгышы 450 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
26-июлда суу сактагычта 11 миллиард 667 миллион метр куб суу бар болчу.