Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 29-31-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайына байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.