Биз социалдык тармакта

Бүгүн "Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Бүгүн, 30-июлда "Унаа" ишканасынын Төмөнкү Ала-Арча айылынын Школьный көчөсү 7а дарегиндеги Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөлүмдүн имаратында электр жарыгын текшерүү, оңдоо иштери жүргүзүлө турганына байланыштуу мекеме ишин убактылуу токтотуп турат.

Аталган аймактын жарандары тиешелүү маселелер боюнча Бишкектеги АвтоЦОНго (Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегиндеги) кайрылса болот. Мекеме келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан